Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 29-(кезексиз) сессиясы
2019-жылдын 22-октябры № 29
“Муниципалдык жер участкаларын парк зоналары катары Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө”
Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жер жана турак жай коммуналдык чарба боюнча башкы адиси Б.Н.Назарованын Муниципалдык жер участкаларын парк зоналары катары Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө, баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү муниципалдык жер участкаларын парк зоналары катары Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына алынсын:
· Фрунзе а. контур №424 аянты – 5743,0 кв. м. парк катары (Институтская көчөсүндө);
· Фрунзе а. контур №393 аянты – 2781,0 кв. м. парк катары (Фрунзе көчөсүндө);
· Фрунзе а. контур №311 аянты – 8676,1 кв. м. парк катары;
· Комсомол а. контур №270 аянты – 9867,7 кв. м. парк катары (мектептин маңдайында);
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Токоев |