Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 29-(кезексиз) сессиясы
2019-жылдын 22-октябры № 31
“Алтын –Талаа” Айыл чарба кооперативинен 161 жана 162 контурундагы жайгашкан 10 га бакчасын алып алуу жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жер жана турак жай коммуналдык чарба боюнча башкы адиси Б.Н.Назарованын “Алтын –Талаа” айыл чарба кооперативинен 161 жана 162 контурундагы жайгашкан 10 га бакчасын алып алуу жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө, баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Алтын –Талаа” айыл чарба кооперативинен 161 жана 162 контурундагы жайгашкан 10 га бакчасын алып алуу боюнча Фрунзе айыл өкмөтү сот органдарына кайрылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Токоев |