Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2006-жылдын 3-августу ПЖ № 410
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кењешти
жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу
пайдалануу боюнча маселелерди карап чыгууну тартипке салуу, суу-энерге-
тикалык мамилелерди тезарада чечүү жана консультациялык жана кењешүү
органдарынын ишиндеги функциялардын кайталанышын жоюу максатында токтом
кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жоюлсун.
2 Жоюлуп жаткан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кењештин бардык функциялары
"Суу боюнча улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 3-февралындагы № 64 токтому менен түзүлгөн Суу боюнча улут-
тук кењешке өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 174 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењештин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 185 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык
саясат боюнча Улуттук кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин 2006-жылдын 17-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы №
351 Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев