Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-марты № 3
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу ФЭБдин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевдин 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүканованын 2021-жыл ичиндеги бюджеттин киреше, чыгаша боюнча жылдын аягындагы эки айда иштеген иши канааттандырарлык деп табылсын.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 38548,8 миң сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 50898,5 миң сом болуп, 53306,8 миң сомго, же болбосо 104,7 пайызга, башкача айтканда 2408,3 миң сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 38548,8 миң сомго бекитилип, такталган план боюнча 64756,9 миң сом, кассалык чыгым 41621,6 миң сом болуп, 64,5 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
5. 01.01.2022-жылга карата калдыктар жалпы 25947,5 миң сом акча каражаты сунушталгандыгы жана Каргалык айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоор толугу менен каралып, айрым бир сунуштар менен толукталгандыгы көрсөтүлсүн.
6. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү боюнча бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык иш алып баруу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Өзүкановага милдеттендирилсин.
7. Айыл өкмөтү тарабынан бюджеттик каражаттарды чыгымдоо бекитилген бюджетке жана түзүлгөн сметаларга ылайык жүргүзүлсүн жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга жол берилбесин.
8. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн тактап, толуктап өз убагында түшүрүп туруу жагы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси Т.Акматовага жана айыл өкмөт башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
9. Каргалык айылдык кеңешинин 27.07.2021-жылдагы кезектеги III сессиясынын №33 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн буйрутмага ылайык, Каргалык айыл аймагындагы жайгашкан уюлдук станциялар боюнча түзүлгөн ижара келишимдердин (004/а-624 от 15.08.2009 түп нускасын карап чыгуу) мыйзамдуулугун, шайкештигин жана уюлдук станциялардын канча жерде жайгаштырылгандыгы боюнча учетун алып, тактоону 2022-жылдын 30-июнуна чейин жыйынтыктап берүү Каргалык айыл өкмөтүнүн юристине, жер адистерине милдеттендирилсин.
10. Атайын каражаттар боюнча бала - бакчалардагы ата-энелерден түшүүчү акча каражаты жалпы 235,8 миң сомго кем чогултулгандыгы белгиленсин жана 2022-жылдын 4-апрелине чейин көрсөтүлгөн сумманы ордуна коюу жагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин жана бул боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна тиешелүү чараларды көрүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиеге тапшырылсын.
11. Каргалык айыл аймагына тышкы инвестиция тартуу жагы айыл өкмөт башчысы Э.А.Артыкбаевге жүктөлсүн.
12. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканалардын иштерине жетекчилик кылуу жагы жана 01.04.2022-жылга карата жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө айыл чарба техникаларын даярдап катарга тизүү боюнча көзөмөлдөө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
13. 30.12.2021 - жылдагы кезектеги VI сессиясында кабыл алынган №57 токтомунда бюджетти бекитүү үчүн бюджетти долбоорлоого кайдыгер мамиле кылган, коомдук угууда жана сессиялар маалында мамлекеттик кызматтын этикасын сактабаган айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине чара көрүлбөгөндүгү белгиленсин.
14. Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чегин кайрадан 1994-жылкы картада көрсөтүлгөн чек ара боюнча калтыруу жөнүндөгү маселе көтөрүлгөндүгү белгиленсин, бул иштерди аткаруу жагы 30.12.2021-жылдагы кезектеги IV сессиясынын № 43 токтому менен айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай боюнча башкы адиси У.Матиевге милдеттендирилген, бирок аткарууга алынбагандыгы үчүн жаза чарасы көрүлсүн.
15. Каргалык айыл өкмөтү тарабынан “Каратабылгы”, “Ж.Кыдыров атындагы эс алуучу парк” жана башка участкаларда аукцион өткөрүүдө кетирилген кемчиликтери жана ижара акысы келишимде көрсөтүлгөн суммада төлөнбөй жаткандыгы боюнча 08.12.2021-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 50 токтому менен тиешелүү кызматкерлерге чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
16. Каргалык айылдык Кеңешинин 2021-жылдагы токтомдордун айрым пункттары аткарылбагандыгы үчүн 2022-жылдын 25-мартына чейин тиешелүү адистерге чара көрүлсүн жана кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
17. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
18. Бул токтомдун аткарылышын 2022-жылдын алты айлыгынын жыйынтыгы менен камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
19. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге, «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жана “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |