Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 4
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планын, сметасын, тарифин бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата тарифи төмөндө көрсөтүлгөндөй бекитилсин:
а) Каргалык айылдык кеңешинин 30.12.2021-жылдагы кезектеги VI сессиясынын №59 токтому;
б) Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) 09.04.2021-жылдагы кезектеги ХХХVIII сессиясынын №14 токтому;
в) Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) 15.05.2020-жылдагы кезектеги ХХХII сессиясынын №26 токтому күчүндө калтырылсын.
г) “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы Казарман айылындагы тургундардын короосунан “ГАЗ-53” жана “МТЗ-82.1” маркасындагы техникалары менен таштандыларды өзү жүктөп таштанды топтоочу жайга төгүү үчүн кызмат көрсөтүү акысы - 1500 сом, ал эми Казарман айылынан сыртка алып чыгуу маселеси жаралган учурларда келишимдик баада белгиленсин.
4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |
| Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын №4-токтомуна 1- тиркеме 4-март, 2022-жыл |
"Макулдашылды" "Бекитемин"
Каргалык айыл аймагынын Каргалык айылдык
айыл өкмөтүнүн башчысы кеңешинин төрагасы
_______________Э.Артыкбаев. _____________Т.Токтоболотов.
«___»___________20___ж «___»___________20___ж
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат”муниципалдык ишканасынын 2022-2024 жылга карата иш планы.
| Жазалуучу иштер | Аткарылышы |
Иш пландын аталышы | Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат”муниципалдык ишканасынын 2022-2024 жылга карата программасы
|
|
Иш планды иштеп чыгуу үчүн негиз | «Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2022-2024-жылга » программасы жөнүндө» АКнын токтому №4 «4» март 2022-жыл
|
|
Иш пландын муниципалдык кардары | Каргалык айылдык кенеши жана айыл өкмөтү |
|
Иш планды иштеп чыгуучу | Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын 2014-жылдын 14-февралындагы №5 уставынын негизинде. |
|
Иш пландын иш-чараларын аткаруучулар | «Таза кызмат» муниципалдык ишканасы; |
|
«Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын милдеттери |
|
|
2022-2024 жылдар аралыгында аткарылуучу иштер. |
|
|
Каржылоонун булактары | Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү бюджети Республикалык бюджет Гранттар Демөөрчүлүк салымдар Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатар. |
|
Иш пландын аткарылышын контролдоону уюштуруу системасы | Максаттуу программанын аткарылышын контролдоо мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык Каргалык айылдык кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Каргалык айыл өкмөтү программаны ишке ашыруу аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана максаттуу индикаторлордун бекитилген маанилерин камсыз кылууга жооптуу. Максаттуу программанын аткарылышы жөнүндө отчетторду, анын ичинде аларды ишке ашыруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды "Таза Кызмат" муниципалдык ишканасынын жетекчиси берет. |
|
"Таза Кызмат" муниципалдык ишканасынын директору: | М.А. Казиев |