Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 5
Каргалык айыл өкмөтүнүн 01.01.2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган 25540,9 миң сом калдыгын жана атайын каражаттан калган 406,6 миң сом калдыгын 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө карап жана бекитип берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынан 2111 эмгек акы беренесине 182,7 миң сом, 2121 социалдык төлөмдөргө 31,5 миң сом, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 78,0 миң сом, 2214 транспорттук чыгым беренесине 33,0 миң сом, 2222 чарбалык максаттагы чыгым беренесине 87,0 миң сом, 2221 учурдагы ремонт чыгымына 199,6 миң сом, 2721 социалдык жардам беренесине 125,0 миң сом, 2823 соттун чечимин аткаруу беренесине 105,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 16075,6 миң сом, 2511 субсидии беренесине 297,0 миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 7171,1 миң сом, жалпы 24385,4 миң сом.
2. Мектептер тармагынан 2222 чарбалык беренесине 88,0 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине 43,3 миң сом, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 50,0 миң сом, 2231 коммуналдык чыгымдар (суу төлөмдөр) беренесине 24,2 миң сом, 3111 курулуш беренесине 141,9 миң сом, 3112 машина жабдуу беренесине 98,0 мин сом, жалпы 1445,4 миң сом.
3. Мектепке чейинки билим берүү тармагынан 2222 чарбалык беренесине 73,9 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине 73,6 миң сом, 2231 коммуналдык чыгымдар (суу төлөмдөр) беренесине 48,3 миң сом, 3111 курулуш беренесине 511,1 миң сом, 3112 машина жабдуу беренесине 3,2 мин сом, жалпы 710,1 миң сом.
4. Атайын каражаттын бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине 406,6 миң сом, жалпы атайын каражаттан 406,6 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |