Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каналдарды ремонттоо жана оңдоп- түзөөгө бөлүнгөн акча каражатын карап берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын карамагындагы каналдарды ремонттоого жана оңдоп-түзөөгө карата “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна” 62,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |