Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 7
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканаларды оптималдаштыруу боюнча сунушту кароо
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат”, “Таза суу”, “МТС” муниципалдык ишканаларынын 2021-жылдагы аткарган жумуштарынын финансалык отчету каралгандыгы белгиленсин.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Б.Мырзапайызовдун финансалык отчетторунун берилбегендиги белгиленсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевдин 21.02.2022-жылдагы чыгыш №6 сандуу катына жана Каргалык айылдык кеңешинин 30.12.2021-жылдагы кезектеги VI сессиясынын №57 токтомунун 9-пунктунда көрсөтүлгөн буйрутмага ылайык, 02.12.2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык ишканалардын санын оптималдаштыруу, инвентаризация жүргүзүү жана жетектөөчү адистерди кыскартуу, кызматтык автоунааларды алууну токтотуу жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын 01.01.2019-31.12.2020-жылдагы муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетторду жана жазма буйруктарды эске алуу менен Каргалык айыл аймагындагы муниципалдык ишканаларды бириктирүү менен оптималдаштыруу талабы, “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык иш алып баруусу белгиленсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |