Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 8
Каргалык айыл өкмөтүнүн 28.02.2022-жылдагы чыгыш №16 сандуу “Лизинг компаниясын” баланска алуу жөнүндөгү катын кароо боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан “Айылтехсервис” лизинг компаниясынын №6 Казарман филиалынын имараты кароосуз калып, тонолуп кетпеси үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2022-жылдагы чыгыш №01-32/189 сандуу катын жана 15.06.2012-жылы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын №97-б буйругун негиз кылып, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп алынсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканаларды бир жерге топтоо максатында жана муниципалдык ишканалардын айыл чарба багытындагы техникаларын токтотуучу жай делип эсептелсин.
3. Бул токтомго тиешелүү документацияларды, мүлкүн толуктап, тактап өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана юрист А.Абдыманбетовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |