Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 9
Каргалык айыл өкмөтүнүн 21.02.2022-жылдагы чыгыш №7 сандуу “Бакыт үйүн” баланска алуу жөнүндөгү катын кароо боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы Т.Жээналиев атындагы көчөсүндө жайгашкан “Бакыт үйүнүн” имараты Каргалык айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп алынсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |