Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 10
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. а) Афган жергесинде интернационалдык милдеттерин так аткарган эрдиктери, элге кылган ак ниет кызматы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасынын, “Афганистан Демократиялык Республикасынын Жылдызы” II даражадагы орденинин, “Афган” орденинин жана бир нече жолку медалдардын ээси, учурда жеке чарбачылык менен эмгектенип жаткан Ооган согушунун ардагери Жусубалиев Максатбек Калдыбаевич
б) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, кылмыштуулукка анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө кошкон салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 1-3 даражадагы “Азамат” (15-20 жылдык үлгүлүү кызматы үчүн) медалынын, “ИИМдин Кыргыз милициясына 80, 85, 95 жыл” юбилейлик медалдарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кадырман”, “Датка айым” медалдарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Мыкты кызматкер” төш белгисинин ээси, учурда Жалал-Абад ОИИБдин секретариатынын начальниги болуп иштеп жаткан милициянын полковниги Кадырова Чынара Кадыровна
в) Кыргыз Республикасынын сот системасында сот актыларын аткарууда жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын коргоодо, мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда зор ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Нарын областтык сот Департамент башкармалыгынын “Ардак Грамоталарынын”, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасынын”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине 20, 25 жыл” юбилейлик медалдарынын ээси, учурда Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы болуп иштеп жаткан Төлөнбаев Аманбек Ыдырысовичтер Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |