Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 11
“Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.10.2017-жылдагы № 690 токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу пункту жок болгондугуна байланыштуу, Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик классификатордон чыкпай 41703223812020 номерлүү коду менен төртүнчү айыл катары тизмеде тургандыктан, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык, аталган “Кызыл - Жылдыз” калктуу пунктун “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн объектилерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутуму” мамлекеттик классификаторунан чыгаруу максатында, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу пункту жок болгондугуна байланыштуу, Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик классификатордо 41703223812020 номерлүү коду менен төртүнчү айыл катары тизмеде турган “Кызыл-Жылдыз” калктуу пунктун “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн объектилерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутуму” мамлекеттик классификаторунан чыгаруу жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Мамлекеттик классификатордон чыгаруу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |