Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 12
Каргалык айыл өкмөтүнүн 26.02.2022-жылдагы эл менен болгон чогулушунун №3 протоколун кароо боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 26.02.2022-жылдагы эл менен болгон чогулушунда №3 протоколдо “Долбоордун алкагында “JACK” үлгүсүндөгү заманбап тигүүчү машинкалардын толук комплектисин алууга” жалпы элдин макулдугу каралгандыгы белгиленсин.
2. Долбоордун алкагында “JACK” үлгүсүндөгү заманбап тигүүчү машинкалардын толук комплектисин алууга “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусунун” жобосунун III главасынын 12-пунктуна ылайык, ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүүгө 30 пайызга чейин 1 млн сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |