Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 13
Айылдык кеңештин типтүү регламентинин 9-главасынын 9.10 пунктуна ылайык туруктуу комиссиялардын отчетун угуу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламет, маданият жана социалдык маселелер боюнча» , «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуп жана талкуулап ,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» жана «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссияларынын 2021-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2022-жылга карата туруктуу комиссиялардын кабыл алган иш пландарындагы карала турган маселелер боюнча өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен ыкчам жана сапаттуу кароо жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Тагайбекова Нурайым Алмазовнага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |