Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-марты № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин карамагында турган автоунааны өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.03.2022-жылдагы №01-25/183 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 17.03.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин карамагында турган 2007-жылдагы Tayota Camry үлгүсүндөгү жеӊил автоунаасын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. 2007-жылдагы Tayota Camry үлгүсүндөгү жеӊил автоунаасын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин балансына өткөрүп берүүдө мыйзам чегинде иш жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Б.Мамадалиева |