Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XVI сессия
2022-жылдын 18-марты № 2
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык автобазасына электробус сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 01.03.2022-жылдагы №01-23/37 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 17.03.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык автобазасына 10 даана электробустарды насыя аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2. Электробустардын жалпы суммасы 100,0 (жүз) млн. сом, насыянын үстөк пайызын жылына 4% түзөөрү жана насыя аркылуу 7 жылга алынаары эске алынсын.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык автобазасына мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Б.Мамадалиева |