Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XVI сессия
2022-жылдын 18-марты № 4
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.11.2021-жылдагы чыг.№01-12/974 сандуу катты жана тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №189/7а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 795,1 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «П1» (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан «Ж-2» (турак-жай) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Б.Мамадалиева |