Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XVI сессия
2022-жылдын 18-марты № 5
Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 дарегиндеги “Курулуш Маркет” базарындагы мүлктөр жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 17.03.2022-жылдагы чыгыш №01-23/44 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 17.03.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 дарегиндеги “Курулуш-Маркет” базарындагы “Б” блоктун ичиндеги дубалдарын бузууга жана мурунку автоунаа оӊдоочу жайдын жабдууларын №1-тиркемеге ылайык чыгарып алууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 дарегиндеги “Курулуш Маркет” базарындагы “Б” блогундагы 22051,1 чарчы метр имараттын аянтын соода түйүндөрү (базар) жана кампа катары иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармасынын башчысына (Ж.Борукулов) бузулган курулуш материалдарын базар уюштуруу үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Б.Мамадалиева |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин №5-токтомунун №1-тиркеме |
“Курулуш Маркет” базарындагы мурунку автоунаа оӊдоочу жайдагы жабдуулар
№ | Аталышы | Саны |
1 | Унаа көтөргүч (подъемник) | 12 шт |
2 | Тең салмактуу аппарат (балансировачный аппарат) | 1 шт |
3 | Шиналарды орнотуу (шиномонтажный аппарат) | 1 шт |
4 | Темир шкаф | 16 шт |
5 | Темир стелаж | 16 шт |
6 | Темир стол | 15 шт |
7 | Электр меши (электро плита) | 2 шт |