Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-марты № 6
Жалал-Абад шаарындагы О.Кошевой көчөсүнүндө жайгашкан муниципалдык жер тилкелеринин ижара акысы жана ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 19-беренесинин негизинде жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 15.03.2022-жылдагы чыгыш №01-23/43 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 17.03.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 18.03.2022-жылдагы чыг.№01-23/45 сандуу катына ылайык, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри А.Раматилаевдин баяндамасын угуп, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой көчөсүнүн №10 дарегиндеги муниципалдык 9500 чарчы метр жана №62а дарегиндеги муниципалдык 11123 чарчы метр жер тилкесине өндүрүш багытында иштетүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой көчөсүнүн №10, №62а дарегинде жайгашкан муниципалдык 9500 жана 11123 чарчы метр жер тилкелерин, мүлктөрүн конкурстун негизинде ижарага берилсин жана ижара акысы 1 (бир) чарчы метр жерине 4,20 сом өлчөмүндө бекитилсин, ошондой эле эки жылда бир жолу тарифти кайрадан кароо үчүн шаардык кеӊештин кароосуна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Б.Мамадалиева |