Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-марты № 41/9-8
Кара-Көл шаардык кеңешинин 25.05.2021-жылдагы № 03/1-8 токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара -Көл шаардык кеңешинин 25.05.2021-жылдагы № 03/1-8 токтому менен бекитилген туруктуу комиссиялардын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Эстебес уулу Тилек киргизилсин.
2) Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Нусубалиев Гульжигит Бекболсунович комиссиянын мүчөсү, Бердимуратова Гулжан Калпакбаевна комиссиянын төрайымынын орун басары деп белгиленсин.
3) Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Жаманбаев Жылдызбек Ташибекович, Абылов Эрланбек Шакирбекович чыгарылсын. Туруктуу комиссиянын курамына Токтомушев Эгемен Токтомушевич, Шатманов Замир Аскаралиевич киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кенештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | Ч.А. Кимсанов |