Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-марты № 42/9-8
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө отчётун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Г.К. Бердимуратованын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Г.К. Бердимуратованын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Турдуматовдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова), өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов) жүктөлсүн.
Төрага: | К.Д. Батыркулов |