Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-марты № 45/9-8
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын чек араларынын баяндамасын жана картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясынын 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэри А.Ш.Балташовдун Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгына караштуу жерлердин чегин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын чек араларын бекитүү долбоорунун түшүндүрмө катына жана Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын чарбалар аралык чек араларынын баяндамасына жана чийилген картасына ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
Токтом кылат:
1. Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгынын аймактар аралык чек араларынын баяндамасы жана картасы бекитилсин.
2. Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгына караштуу жерлердин чегинин жалпы аянты 790.0га түзгөнү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэрине (А.Ш.Балташов), Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов) жүктөлсүн.
Төрага: | К.Д. Батыркулов |