Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-апрели № 38
Биринчи Май айыл аймагында үй-бүлөлүк майрамдарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө
«Биринчи Май айыл аймагында үй-бүлөлүк майрамдарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессияснын, -
Чечими:
1. «Биринчи Май айыл аймагында үй-бүлөлүк майрамдарды жана сөөк коюу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү чаралары жөнүндө» жобо бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А.Кудайбергеновага жүктөлсүн.
Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы | Н.И. Акматалиев |