Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы
2022-жылдын 27-апрели № 39
Биринчи Май айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 35 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Биринчи май айылдык кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 35 “Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер участогун камсыз кылуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселени угуп, талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясынын, -
ЧЕЧИМИ:
1. Биринчи Май айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 35 “Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Мечит куруу үчүн Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан жер тилкеси берилсин, дареги менен: Ак-Суу а., Логвиненко көчөсү н/ж батыш тараптан жалпы аянты 2274,7 кв.м.
2. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Москва районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалына бекитилип берилген тилкеге документтерди берсин;
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевге милдеттендирилсин.
Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы | Н.И. Акматалиев |