Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 6/11
Айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Талантбек уулунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарган иштеринин отчету
Кош-Дөбө айыл аймагында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштери тууралуу айыл аймагынын башчысы Талантбек уулу Талгардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Талантбек уулу Талгардын айыл аймагында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында 2021-жылы аткарылган иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айыл аймагында аксакалдар соттору, аялдар, жаштар кеңештеринин ишин жандандыруу менен алардын жоопкерчилигин арттырууну уюштуруу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында аткаруучулук тартипти жакшыртуу, жоопкерчиликти көтөрүү, кадрлардын резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жеке жоопкерчиликти көтөрүү жагына көңүл бурулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Казиев |