Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 6/13
Кара-Саз айылынын таштандыларын чыгарууга жер бөлүү жөнүндө
Кара-Саз айылынын таштандыларын чыгарууга жер аянтын бөлүп берүү тууралуу Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Саз айылынын “Майчыбыр” участкасынан катуу калдыктагы таштандыларды чыгаруу үчүн 0,70 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтын экологиялык экспертизадан өткөрүү, долбоорлоо, анын айланасын атайын тосмолор менен тосуу жана башка иш аракеттердүү көрүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча убактылуу жетектөөчү адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Б.Казиев |