Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 6/14
Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын кайрылуусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, заманыбыздын залкар комузчусу Иманалиев Зайнидинди Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, комузчу Иманалиев Зайнидин сунушталсын.
2. Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдун тиешелүү документтерин даярдап, Кочкор райондук мамлекеттик администрацияга сунуштоо жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Б.Казиев |