Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 14-январы № 7/15
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын Кош-Дөбө айыл аймагына берүү жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын Кош-Дөбө айыл аймагына берүү жөнүндө Кош-Дөбө айыл аймагынын 12-январь 2022-жылдагы жалпы элдик жыйынынын №2 протоколунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы кылып которуу жөнүндө Кош-Дөбө айыл аймагынын 12-январь 2022-жылдагы жалпы элдик жыйынынын №2 протоколу жактырылып, Кош-Дөбө айыл аймагына Ормон хандын ысымы берилсин. (№2 протокол тиркелет).
2. Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы деп которуу үчүн тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Б.Казиев |