Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/1
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы Т. Чокурова атындагы «Небере» балдар бакчасына кошумча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир тайпа ачуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы Т. Чокурова атындагы «Небере» балдар бакчасына кошумча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир тайпа ачуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы Т. Чокурова атындагы «Небере» балдар бакчасына кошумча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир тайпа ачууга №30 Кесиптик лицейдин имаратынын күн батыш тарабындагы 4 бөлмө берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бектемировго милдеттендирилсин.
Төрага: | С. Кадырбеков |