Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/3
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнун 2019-жылдын 1- январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун талкууло жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнун 2019-жылдын 1-январынан 2020- жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун талкуулащДөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктарынынын толук көлөмдө аткарылышы камсыздалсын.
2.Подрядчы “Агым” ЖЧК сынын эсебинен “Дөбөлү айылындагы клубдун фойэсин оңдоп түзөө” жумуштарын аткарууда 11,1 миң сомго көтөрмөлөнгөн курулуш-монтаж иштери подрядчы тарабынан калыбына келтирилсин.
3.Аталган сумма 11,1 миң сом Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебине чегерилип берилсин.
4.Тиешелүү документтерди даярдап жана жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төрага: | С. Кадырбеков |