Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/4
«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн 2022- жылга жыйымдын ставкасы жана эсеби жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы жана эсеби жөнүндө Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жыл башында 520 түтүн бар. Анын ичинен 57 майып 1-2 топтогу, 32- бала кезинен майып, 5 ДЦП- балдар баккан, 51 баатыр эне, 4 Авган жана 4 Баткен коогаланынын катышуучулары , 142 социалдык жана материалдык жактан муктаж болгондор тазалык жыйымынан бошотулсун.
2. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын түтүн башына-100 (бир жуз) сом болуп бекитилсин жана 2022-жылга 225 түтүндөн 22500 (Жыйырма эки мин беш жүз) сом болуп, 2022- жылдын 1-октябрь айына чейин бюджетке өндүрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Турганбаевага тапшырылсын.
Төрага: | С. Кадырбеков |