Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 12-сессиясы
2022-жылдын 9-февралы № 12/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022 -жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 8029,4 мин, сом көлөмүндө атайын каражаттар 684,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин. Бардыгы 8713,4 миң сом.
2. Бюжеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-бирдиктүү киреше салыгы 3142,4 миң сом;
-милдеттүү патент салыгы 6,8 миң сом,
-ыктыярдуу патент салыгы 138,0 миң сом;
-мүлк салыгы 26,0 миң сом;
-транспорт салыгы юридикалык жак 10,0 миң сом;
-транспорт салыгы жеке жак 230,1 миң сом;
-короо алдындагы жер салыгы 96,5 миң сом;
-улуш 224,3 миң сом;
-айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 546,3 миң сом;
-лицензия алуудан төлөмдөр 175,0 миң сом;
-айыл ичиндеги жер арендасы 24,0 миң сом;
-жайыттын арендасы 544,4 миң сом ;
-КБФ нын жерлеринин арендасы 32,6 миң сом;
-Ата -энелерден түшүүчү атайын каражат 684,0 миң сом;
-теңдештирилген грант 2833,0 миң сом. Бардыгы 8713,4 миң сом.
3. Бюжеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
-Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 12 штат, кичи персонал 2 штат, эмгек акысы 4453,9 миң сом, социалдык фондго болгон төлөмү 658,5 миң сом болуп бекитилсин.
-Маданият кызаткерлеринин штаттык бирдиги 10,5 штат,эмгек акысы 1561,3 миц сом,социалдык фондго болгон төлөмү 269,3 миц сом болуп бекитилсин.
-Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдарына 381,1 миц сом бекитилсин.
-бала бакчалардын тамак-ашына 517,0 миц сом;
-комур сатып алууга 188,3 миң сом;
-Атайын эсептен балдардын тамак -ашына 684,0 миң сом; .Бардыгы 8713,4 миң сом.
4. Киреше бөлүгүнө бекитилген жергиликтүү салык жыйымдарынан жана теңдештирилүүчү гранттан түшүүчү акча каражаты бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн билим берүү жана маданият мекемелерине көмүр алууга 2047,7 миң сом жетпей калгандыктан жана пландалган социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кошумча республикалык каражаттан 3,0 млн.сом акча каражаты суралсын.
5. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | С. Кадырбеков |