Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 12-сессиясы
2022-жылдын 9-февралы № 12/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сметасын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022- жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Султановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 544,4 миң сом болуп бекитилсин жана мунун ичинен 30% 163,3 мин, сом айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилип,
калган 381,1 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
-Эмгек акыга 192,0 миң сом;
-Социалдык фондго толом 33,1 мин, сом;
-жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга 107,0 миң сом,
-Күйүүчү майга 32,0 миң сом;
-Техниканын запастык бөлүктөрүн алууга 5,0 мин, сом,
-Ар кандай чыгымдарга 12,0 миң сом.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жана токтомдун чечимдерин аткаруу Ж.Султановго, Г.Курманалиевага милдеттендирилсин,
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана акчалай каражаттарды которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | С. Кадырбеков |