Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/31
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 6 677 993 сомго, чыгашалары 6 660 404 сомго аткарылганы белгиленсин.
2. Жыл башында калган калдык 1 080 477 сомго, жыл аягында калган калдык 1 098 066 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага: | Т. Жумамүдүн уулу. |