Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/34
«Жанчар-Булак» ИСКАКБнын 2021-жылда жүргүзгөн иштери жана 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы
«Жанчар-Булак» ИСКАКБнын бухгалтери У. Көчөрбаевдин калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын 2022-жыл үчүн түзүлгөн бюджети бекитилсин.
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу башатын толук көзөмөлгө алуу, бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын бухгалтери У. Көчөрбаевге тапшырылсын.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын ишине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Жумамүдүн уулу. |