Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/35
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ИСКАКБнын төрагасынын маалыматын угуу жөнүндө
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда Сары-Булак айылындагы «Бүлөтү» ИСКАКБнын төрагасы Т. Абдыкеримовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ИСКАКБде бир катар иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Бүлөтү» ИСКАКБнин 2021-жылында келтирилген кемчиликтерди жоюу жана аткаруу жагы «Бүлөтү» ИСКАКБнын төрагасы Т. Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
3. «Бүлөтү» ИСКАКБнын ишине көзөмөлдүктү күчөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Жумамүдүн уулу. |