Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 7/36
№14 жол тейлөө мекемесинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы №14 жол тейлөө мекемесинин 2021-жылдары жүргүзгөн иштери жөнүндө мекеменин башчысы К. Базаровдун отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. №14 жол тейлөө мекемесинин башчысы К. Базаровдун 2021-жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы мекеменин башчысы К. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т. Жумамүдүн уулу. |