Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-февралы № 2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021 жылдык 2022 - жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2023-2024 – жылдарга болжолу жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жылдык отчетун угуп , Кеңеш айылдык Кеңешинин Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиянын кортундусунун негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023 жылдарга болжолу боюнча угуп талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022-жылын бюджети 2022-2026-жылга бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программасына ылайык каралсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022 жылга киреше бөлүгү №1-тиркемеге ылайык 26568,3 мин сомго, чыгаша болугу № 2-тиркемеге ылайык 26568,3 мин сом, ал эми анын ичинен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 2778,5 мин сомго бекитилсин.
4. 2022-жылга Республикалык бюджеттен берилүчү теңдөө гранттардын өлчөмдөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2023 жылга божомол 26115,2 мин сом, ал эми 2023 жылга чыгаша бөлүгүнүн божомолу 26 115,2 мин сом №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.2024 жылга киреше бөлүгү божомолу 26515,2 мин сомго,ал эми чыгаша бөлүгү 26 515,2 мин сомго № 4 тиркеменин негизинде бекитилсин
6. 2022-жылга Республикалык бюджеттен берилүчү теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө ” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жайыт комитетинин киреше бөлүгү 1 057,0 мин сомго ал эми чыгаша бөлүгү 1 057,0 мин сомго бекитилсин. Жайыттын киреше төлөмдөрүнүн планын аткаруу Ч.Шерматовко милдеттендирилсин..
8. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022 жылга бекитилген бюджеттин беренелерде көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө киреше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу,айыл өкмөтүн салык кызматынын бөлүм башчысы Д.Токтосуновко милдеттендирилсин жана көзөмөлдө Кеңештин “Бюджет жана экономика боюнча туруктуу” комиссиясына тапшырылсын.
9. Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолду болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктын өзгөрүүлөрдү киргизүү жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы Министрлиги тарабынан берилген такталган пландын негизинде өзгөртүу киргизүүнү сунуштоо айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы Б.Каиповага милдеттендирилсин.
10. Кеңеш Тазалык муниципиалдык ишканасына субсидия иретинде 700,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11. Кыргыз Республикасынын 2022 жылдын республикалык бюджети жана 2022-2023 жылдарга болжолу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген тендештирүүчү трансферт биринчи кезекте көсөтүлгөн беренелерине каралары белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 237 мин 900 сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 110-беренеси Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2022 жылга жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элүү) мин сом болуп бекитилсин.
14. Кеңеш айыл өкмөтүнүн табият кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча 2022 жылга кол тийгис 500,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал акча каражаты максаттуу пайдаланылсын.
15. Кеңеш айыл өкмөтүнүн “Жарандык коргоого” бөлүнүп берилген150,0 мин сом акча каражаты “Жарандык коргоо” комиссиясынын иш планынын негизинде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.
16. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011 жылдын 5августь күнкү №451 Токтомуна негиз Кеңеш айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаты 18 бирдик ал эми техникалык тейлөө кызматында 4 штаттык бирдик бекитилсин.
17. КР.өкмөтүнүн 451 токтомуна эскертмесине негиз айыл өкмөтүнүн Аскердик Каттоо бөлүмүнө 4 инспектор штаттык бирдиги бекитилсин.
18. КР.өкмөтүнүн 2011 жылдын 31 май айындагы №268 токтомуна ылайык “Маданият исскуство жана маалымат мекемелерине 10 штаттык бирдик бекитилсин.
19. КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл өкмөтүнүн 8 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.
20. Кеңеш айылдык Кеңешинин торагасы жана катчысына 2 штаттык бирдик бекитилсин.
21. Муниципиалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу тажрыйбасын арттыруу жана башка атайын окууларга жонотууго 100.0 мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
22. Мыйзамдуу жагын карап беруу Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповко милдеттендирилсин.
23. Токтом КР”КР ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
24. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Айдаров |