Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезектүү XI сесиясы
2022-жылдын 11-февралы № 3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдан калдык болуп калган 6234,7 мин сом жана атайын каражаттардан 473,0 мин сом мин сом акча каражатынын 2022-жылга сарпталышы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдан калдык болуп калган 6234,7 мин сом жана атайын каражаттардан 473,0 мин акча каражаттарын 2022-жылга сарптоо үчүн Кеңеш айылдык Кеңешинин” Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Б. Каипованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап . Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдан калдык болуп калган 6234,7 мин сом жана атайын каражаттардан 473,0 мин сом акча каражаттары 2022 жылга пайдалануусу жактырылсын (тиркеме тиркелет).
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдан калдык болуп калган 6234,7 мин сом акча каражаты тиркеме № 6 негизинде сарпталышы бекитилип,райондук каржы башкармалыгына такталган планга киргизип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы Б.Каиповага тапшырылсын.
4. Токтомдун мыйзамдуулук жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповко тапшырылсын.
5. Токтом КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундогу” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин
7. Токтомдун аткарышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |