Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезектүү XI сесиясы
2022-жылдын 11-февралы № 15
Кызыл – Октябрь айылындагы №25 К.Артыкалиев атындагы орто мектебинин териториясындагы түшүп жаткан спорт залдын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы №25 К.Артыкалиев атындагы орто мектебинин териториясындагы спорт залды Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондуна тапшыруу боюнча 2021-жылдын 20-октябрдагы элдик жыйындын протоколун негизинде Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XI сессиясы угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылына караштуу №25 К.Артыкалиев орто мектебинин териториясындагы залдын бүтүшү жактырылсын. 2021-жылдын 11-ноябрындагы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Кенеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программмасына кирген иш –чараларды аткаруу үчүн Кызыл-Октябрь айылынын №25 К.Артыкалиев мектебиндеги залдын бүтүү жагы колго алынсын.
3. Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылынын К.Артыкалиев мектебиндеги залдын бүтүрүү максатында элдик салымын камсыздоо боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кенеш айыл аймагынын К.Артыкалиев мектебиндеги залды бүтүрүү боюнча долборду даярдоо жана долборду ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнун башчысы М.М.Алкадыровко тапшырылсын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын.
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |