Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезектүү XI сесиясы
2022-жылдын 11-февралы № 17
“Кенеш - Суу “ СПА иштеткен тракторлорун Кенеш айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн Кенеш тазалык муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Бабаш – Ата техсервизине тийешелүү болгон Т150 к трактору жана ЮМЗ 6 кл маркасындагы эксковатору Бабаш- Ата тех сервизи жоюлуп кеткендигине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин “Кенеш -Суу” СПА иштетип жүргөн техника . Учурдагы шартка жана талапка байланыштуу көрсөтүлгөн техникаларды айыл өкмөтүн астында түзүлгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү боюнча “Кенеш –суу” СПА жетекчиси Т.Эргешовдун сунушун Кенеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезектүү XI сесиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кенеш –Суу” СПА жетекчиси Т. Эргешовдун сунушу жактырылсын.
2. “Бабаш-Ата “тех сервизине тийешелүү болгон т150 к трактору жана ЮМЗ 6кл маркасындагы экскваторун Кенеш тазалык муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.
3. Техникаларды өткөрүп берүү жагы” Кенеш –Суу “СПА жетекчиси Т.Эргешовко жана өткөрүп алуу жагы Кенеш Тазалык муниципалдык ишкананын жетекчиси Б. Чымынтаевка жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы өкмөт башчы М.Алкадыровко милдетендирилсин.
5.Токтом Кыргыз Республикасынын”Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актылары жөнүндөгү “ Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчынын у.м.а. Б.Шаиковага милдетендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |