Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/2
“2021-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жана 2022-жылга иш пландарын кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Ж.Субанкуловдун маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат;
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Субанкуловдун 2021-жыл ичиндеги аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Төмөнкүлөр бекитилсин;
- 2022-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше,чыгыша бөлүгү жана иш планы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев. |