Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31 январы № 5-3
«Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын аткарылышы жана 2022-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Үркүнбай уулунун 2021-жылдын аткарылышын жана 2022-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү V-сессиясы токтом кылат.
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары кошумча уведемлениелер менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнөн 2022-жылга калган 1880.3(Бир миллион сегиз жүз сексен миң үч жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 200,0 миң сом.
- МЧС үчүн 300,0 миң сом.
- “Эл жана турак жай фондун каттоосунун” Канцелярдык товары учун 28,0 мин сом.
- “Эл жана турак жай фондун каттоосунун” ГСМ учун 7,0 мин сом.
- “Эл жана турак жай фондун каттоосунун” сапар чыгым учун 65,0 мин сом.
- Ж.Мамытбеков мектебинин чатырчасын жана терезесин ондоого өздүк салым үчүн 150,0.миң сом
- Имараттардын документтерине 300,0 миң сом.
Карагансай участкасындагы тешик арыкты оңдоо үчүн 150,0 миң сом.
- Канторанын коросун оңдоого 200,0 миң сом .
- Суу ичүүчү арыгынын башындагы алышты оңдоого 50,0 миң сом.
- Цемент сатып алууга 50,0 миң сом.
-Резерв ротага 30,3 миң сом
-Кара-булуң участогундагы суу чыгаруучу маторду оңдоого 100,0 миң сом.
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү белгилерди оңдоого 100,0 миң сом.
- К.Керимбеков орто мектебинин ашканасынын кампасын курууга 150,0
Жалпысы: 1880,3 (бир миллион сегиз жүз сексен миң үч жүз) сом жумшалсын.
Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |