Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/6
«Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын Н.Үркүнбай уулу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк бекитилген киреше: 4679,5(төрт миллион алты жүз жетимиш тогуз миң беш жүз ) сом,Теңдөөчү грант: 2784,0 (эки миллион жетти жүз сексен төрт миң) сом кошулуп, жалпысы: 7463,5 ( жети миллион төрт жүз алтымыш үч миң беш жүз) сом сумасында № 1-тиркемемеге ылайык бекитилсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмотүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдардын фактыларына негиз бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк Кирешелердин салык жана салык эммес төлөмдөрдүн белгиленген пландардын арбир түрлүрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын бюджетик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 74 (жетимиш төрт миң алты жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу бөлүп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июльндагы № 403-Токтомуна негиз Айыл өкмөтүнөн статус алган айылдарга 100% өлчөмүндө 3 (үч) штат айыл башчы жана 2(эки) штат ВУС инспектору айлык акылары жетектөөчү адистин жана адистин айлык акысынын деңгеелинде бекитилип берилсин.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Уркунбай уулуна милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
10. Токтом Www jany-joI-jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |