Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/8
“Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдынкы мектеп окуучуларына стипендия кароо жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин алдынкы мектеп окуучуларына стипендия кароо жөнүндө билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаев алдынкы мектеп окуучуларына ар бирине 5000(беш миң) сомдон стипендия жергиликтүү бюджеттен бөлүү бекитилсин.
Ж.Мамытбеков орто мектебине- 2 эки окуучуга
К.Керимбеков орто мектебине – 2 окуучуга
Ж.Кожобеков орто мектебине – 2 окучууга
Т.Темиров негизги мектебине – 1 окуучуга
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |