Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 5/10
“Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан пайдаланбай жаткан эски оорукананын жери муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Күн тартибинде Жаңы-Жол айыл аймагындагы эски оорукана жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Эшимбековдун жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жайгашкан пайдааланбай эски оорукананын 0.38 га жери муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алуу боюнча тийиштүү иш-кагаздарды бутүрүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg.веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |