Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/11
“Жаӊы-Жол айыл аймагында ысырапчылык жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айылдык кенешинин төрагасы К.Бейшеналиевдин ысырапчылыкты кароо жөнүндө билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаӊы-Жол айылдык кенешинин төрагасы К.Бейшеналиевдин ысырапчылыкты азайтуу боюнча сунушун айылдык депутаттар толугу менен колдоп, бата болгон жерге материал-кездемелерди алып келүүсү токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |