Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-январы № 5/13
“Жаңы-Жол айыл аймагында мал жаныбарларды эмдөө тарифи жөнүндө”
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл айыл ѳкмѳтүнүн “Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ветадиси М.Кубатбековдун 2022-жылы малды эмдөө боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жеке ветеринары М.Кубатбековдун сунушу боюнча мал жандыкты эмдөө тарифи ар бир уйга 50 сом,жандыкка-20 сом болуп бекитилсин.
2. Мал жаныбарлардын эмдөө мезгили сакталсын жана вакцинанын сапаттуу сакталышы ар бир ветеринарга жүктөлүп жана көзөмөлдөө жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | К.Бейшеналиев |