Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-майы № 1/1
Эсептөө комиссиясын шайлоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, айылдык кеңешинин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ошол себептен, айылдык кеңештин Регламентинин 30-главасынын негизинде эсептөө комиссиясын шайлоо зарыл болгондуктан, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамы 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
2. Эсептөө комиссиясына төмөндөгү депутаттар шайлансын:
1) Табалдиев С. Б.
2) Османова А. В.
3) Койбаков Т. Ж.
3. Эсептөө комиссиясынын №1-протоколу бекитилсин.
Төрагалык кылуучу | А. Садыралиева |