Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-майы № 1/2
Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун добуш берүү аркылуу шайлоону эсептөө комиссиясы өткөрдү жана жыйынтыгы тууралуу протокол менен комиссиянын төрагасы С. Табалдиев айылдык кеңештин депутаттарын тааныштырды.
Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу менен таанышып, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин эсептөө комиссиясынын №2-протоколу бекитилсин.
2. Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасы кызматына Абышев Аскар Замирович шайлансын.
3. Токтомдун бир нускасы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрагалык кылуучу | А. Садыралиева |